Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

УКМК: Бабанов элди алаксытуу аракетин көрүүдө


Улуттук коопсуздук комитети президенттикке талапкер, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов элдин көңүлүн бийликти басып алууга шектелгендерден башка жакка буруу аракетин көрүп жатат деп эсептейт.

Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирип, Бабановдун айткандары чындыкка дал келбесин айтты:

- Анын өзү же шайлоо алдындагы рейтингдери УКМК үчүн эч кандай кызыкчылык туудурбайт. Бабановдун айтканын анын активдүү тарапкери жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү биргелешип Кыргызстанда жапырт башаламандык уюштуруп, андан ары бийликти күч менен басып алуу боюнча аракетин саясий нукка, жалпы коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу максаты деп баалайбыз.

1-октябрда Бабанов Бишкекте маалымат жыйын куруп, бийлик ага карата "каралоо" уюштуруп жатканын айтып, муну президенттик шайлоонун алдында өзүнүн рейтинги жогорулаганы менен байланыштырган:

- Жакында эле УКМКнын аппаратында чогулуш өттү. Ошондо мындай жол менен барса Бабанов биринчи турда өтөт деген сөз болуптур. Көз карандысыз сурамжылоолордун негизинде менин рейтингим 65 пайыздан ашып жатат. Мен алдыда кетип жатсам, мага жана менин колдоочуларыма мыйзам бузуп эмне кереги бар?

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Исаев Бабановду колдорун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG