Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Азиада-2017: Кыргызстан 34 медал алды


Медалдар жыйынтыгы
Медалдар жыйынтыгы

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрү боюнча Азия оюндарынын расмий эмес медалдар жыйынтыгында Кыргызстан 34 медаль алды. 22-сентябрга карата Кыргызстандын куржунунда үч алтын, 11 күмүш жана 20 коло медал бар.

Жалпы медалдардын расмий эмес жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 14-орунда келе жатат.

Бүгүн Кыргызстандын курамы дагы бир нече медал менен толукталышы күтүлүп жатат. Себеби спортчулар Кыргызстандын улуттук спортунун бири - алыш күрөшү боюнча таймашат.

Ошондой эле бильярд боюнча кыргызстандык спортчулар медал үчүн оюндарын өткөрүшөт.

Азиаданын сегизинчи күнүндө Түркмөнстан 69 алтын медал менен биринчи орунга чыкса, экинчи сапта 17 алтын менен Иран, үчүнчү орунда Өзбекстан 16 алтын медал менен келе жатат.

Жабык жайдагы жана таймаш өнөрү боюнча 5-Азия оюндары 27-сентябрда аяктайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG