Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Ирма куюнунун кубаты басаңдады


Маями шаарынын борбору. 10-сентябрь, 2017-жыл.
Маями шаарынын борбору. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Бүгүн таңга маал Флорида штатында Мексика булуңунун чыгышын карай багыт алган куюн азыр эң башындагы бешинчи категориядан биринчи категорияга түшүрүлдү.

Үйлөрдүн чатырларын сыйрып, тал-теректерди омкоргон добул АКШнын Флорида штатында кеминде үч миллиондой кишини электр жарыгысыз калтырды.

АКШга чейин бул куюн Кариб деңизиндеги аралдар менен Кубага сокку уруп, кеминде 24 кишинин өмүрү кыйылган эле.

Ушу тапта куюндун кубаты басаңдаганы менен ал али суу ташкынга алып баруучу нөшөр жана бороон менен коштолууда.

Флорида штатында куюнга байланыштуу кеминде үч адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды.

Маями шаары урагандын тикелей соккусуна кабылбаганы менен бул жерде шамалдын күчү саатына 215 чакырымга жетти, добулдан улам шаардын бөлүктөрүн суу каптады. (UE)

XS
SM
MD
LG