Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Жогорку Кеңеште өкмөт ант берүүдө


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Парламенттин бүгүнкү отурумунда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Бул үчүн Жогорку Кеңештин жыйынына президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. Алгачкы болуп ант берүүнү премьер-министр Сапар Исаков баштады.

25-августта Жогорку Кеңеш шайлаган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүдөй курамда бекиткен:

КР Премьер-министри – Сапар Исаков;

КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;

КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;

КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;

КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;

КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;

КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;

КР ички иштер министри – Улан Исраилов;

КР юстиция министри – Уран Ахмедов;

КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;

КР экономика министри – Артем Новиков;

КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;

КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;

КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;

КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;

КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;

КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;

КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;

КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;

КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;

КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.

Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттик шайлоого талапкерлигин койгонуна байланыштуу кызматын тапшырып, анын ордуна президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG