Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Президенттикке талапкерлерди каттоо ушул жумада аяктайт


Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлерди расмий каттоого алуу 9-сентябрда аяктарын билдирген. Учурда жарышка катышам дегендерди иргөө жараяны жүрүп жатат.

Тактыга ат салышууга алгач 59 киши арыз берген. Айрымдары өз арызын кайтып алса, кээ бирлери тийиштүү талаптардан өтпөй, талапкер болбой калышты.

Азыр расмий талапкер болуп катталгандардын саны жетөө. Алар Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана Эрнис Зарлыков.

БШК 4-сентябрдагы жыйынында Өмүрбек Текебаев, Акматбек Келдибеков, Рита Карасартова, Камила Шаршекеева өңдүү саясатчыларды каттоого алуу маселесин карады. Бирок кол топтоо жана башка эрежелер боюнча талаптар так аткарылган эмес деген чечим чыгарылды.

Мыйзамга ылайык, талапкер болуп катталуу үчүн жаран жактоочуларынан 30 миңден ашуун колтамга чогултушу, 1 миллион сом күрөө коюшу жана мамлекеттик тилден сынак тапшырышы керек. Андан тышкары, соттолгонбогону жана Кыргызстандын аймагында 15 жыл туруктуу жашагандыгы тууралуу маалыматтар текшерилет.(SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG