Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Шайлоо-2017: Жогорку Сот Текебаевдин “Кыргызтест” сынагы боюнча чечим чыгарды


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. 05.6.2017.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. 05.6.2017.

Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири - “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кыргыз тил сынагынан өткөрүү маселеси өлкөнүн Жогорку Сотунда каралды. Башкы соттук орган Бишкектин райондор аралык сотунун буга чейинки чечимин күчүндө калтырганын депутат Ө.Текебаевдин жактоочусу Канатбек Азиз “Азаттыкка” билдирди:

- Жогорку Сот Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, БШК бул маселе боюнча жетиштүү аракет көргөн эмес деп таанылды.

Анткен менен БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов соттун чечими эч нерсеге милдеттендирбей турганын айтууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн. Ал талапкер статусун алышы үчүн 26-июлда кыргыз тилинен сынак тапшыруусу керек болчу.

БШК камактагы талапкерди сынактан өткөрүү эч бир жободо каралбаганын айтып, бул маселени кароодон баш тартып келет.

Текебаевдин жактоочулары болсо өз лидерин сынактан өткөрүү боюнча бардык инстанцияларга даттанууда.

Кыргызстанда Башмыйзамга соңку өзгөртүүлөр референдум аркылуу киргизилгенден кийинки алгачкы президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG