Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Трамп киберчабуулга каршы Орусия менен иштешүүнү четке какты


Орус лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын Гамбургдагы жолугушуусу.
Орус лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын Гамбургдагы жолугушуусу.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен биргеликте киберчабуулга каршы коргонуу тууралуу жазганына түшүндүрмө берди.

"Президент Путин экөөбүз киберкоопсуздук бөлүмү тууралуу талкуулаганыбыз ал ишке ашат дегенди билдирбейт деп ойлойм",-деп Трамп 9-июлда Твиттерге жазды.

Андан бир күн мурда АКШ президенти орусиялык кесиптеши менен Гамбургдагы саммиттеги жолугушуусунда шайлоо учурундагы хакердик чабуулдардан коргонуу үчүн атайын бөлүм уюштурууну талкуулаганын жазган эле.

Ушундан соң Трамп республикачы да, демократ да конгрессмендердин кескин сынына кабылды. Кошмо Штаттардагы акыркы шайлоого Орусия кийлигишип, киберчабуулдар аркылуу Трампка жардам берген деген чуу алигиче басыла элек.

XS
SM
MD
LG