Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Путин менен Меркел телефондон сүйлөштү


Владимир Путин менен Ангела Меркель "Чоң жыйырма" тобунун 2016-жылдагы саммитинде. (Архив)
Владимир Путин менен Ангела Меркель "Чоң жыйырма" тобунун 2016-жылдагы саммитинде. (Архив)

Орусия президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель 1-июлда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул баарлашуу немис тараптын демилгеси менен болгонун Кремлден кабарлашты.

Тараптар 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында боло турган "Чоң жыйырма" тобунунун жолугушуусун, климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин талкууга алышты.

Саммитти утурлай Евробиримдикке мүчө мамлекеттер глобалдык жылуулукка каршы биргелешип күрөшүү чараларын макулдашкан.

Меркел ЕБ мамлекеттери Гамбург саммитинде алдыга коюлган маселелерди чогуу чечүү, АКШ президенти Дональд Трамп менен компромисске келүү жолдорун издөөнү катышуучуларга жеткирүүгө умтуларын айтты. 1-июнда Трамп АКШнын 2015-жылы кол коюлган климат боюнча Париж келишиминен чыгарын жарыялаган.

Июндун башында Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл Орусия менен климатты коргоо маселесинде макулдашуу бардыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG