Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова башкы прокурордун Zanoza.kg сайты жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова боюнча доо арызын толук канааттандырды. Сот муну менен Чолпон Жакупова жана Zanoza.kg сайты президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирген деп тапты.
Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп, ушул жылдын 30-мартында чыккан маалыматтар үчүн Zanoza.kg сайтын сотко берген. Сайтта Бишкектеги талкуулардын биринде өлкөдөгү абал тууралуу сөз сүйлөгөн Чолпон Жакупованын пикири жарыяланган. Анын негизинде аталган сайтты негиздеген "Промедиа" фондунан, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен үч миллион сомдон талап кылган. Мындан сырткары экс-депутаттын мүлкүн камоо чечими чыккан. Бүгүн бул иш боюнча алгачкы өкүм чыкты.
Бүгүнкү жараянга Чолпон Жакупова келген жок, анын адвокаты Тимур Султанов катышып, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин, экс-депутатка иш негизсиз козголгонун белгиледи. Адвокаттар эми шаардык сотко кайрыла турганын айтышты.
Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген негизде Zanoza.kg сайтына карата беш арыз жазган. Ушул тапта райондук сот Нарын Айыптын эки жыл мурда Zanoza.kg сайтына жарыялаган макаласы боюнча баш прокурор Индира Жолдубаеванын арызын карап жатат. (KE/NT)