Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Бишкек мэриясы дарактарды кыюунун себебин түшүндүрөт


Бишкек мэриясы шаардагы бак-дарактарды эмне максатта кыйып жатканы тууралуу түшүндүрмө берет. Бүгүн шаардын архитектура, жашылдандыруу, капиталдык курулуш кызматтарынын башчылары пресс-конференция уюштуруп, бак-дарактар кайсы жерлерде эмне себептен кыйылып жатканы жана жашылдандыруу боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу маалымат бергени жатат.

Шаар башкармалыгынын расмий маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 1130 дарак кыйылды. Бул иш унаа жолдор менен тротуарларды кеңейтүү жана куурап калган бактар адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратпашы үчүн жүргүзүлүп жатканы айтылып келет.

Бирок бир топ жарандык активисттер мэрияны кескин сынга алып, мындай аракет туура эмес жүргүзүлүүдө деп айтып жатат. Учурда Кытай өкмөтү бөлгөн акчага Бишкектин 40ка жакын көчөсүндө жолдор оңдолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG