Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

ТИМ: АКШда кармалгандар арасында кыргызстандыктар бары такталган жок


АКШнын кумар оюндары кеңири жайылган Лас-Вегас шаары.
АКШнын кумар оюндары кеңири жайылган Лас-Вегас шаары.

Нью-Йорк шаарында полиция кармаган орусиялык мафия мүчөлөрүнүн ичинде эки кыргызстандык болушу ыктымал деген маалыматтар боюнча Тышкы иштер министрлиги АКШнын тиешелүү органдарына кайрылган.

АКШнын Юстиция министрлигинен алынган маалымат боюнча, бул ишти тергеп жаткан прокурордо кармалгандар арасында кыргыз жарандары бардыгы тууралуу маалымат жок. Юстиция министрлиги прокурорго мафия мүчөлөрү деп кармалгандар арасында кыргызстандыктар болсо, Кыргызстандын элчилигине билдирүү керектиги эскертилгенин маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги кармалгандар арасынан эч кимиси элчиликтин консулдук каттоосунда турбаганын да маалымдады.

7-июнда америкалык прокурорлор орусиялыктардын кылмыш тобунун мүчөлөрү деп шектелген жыйырмадан ашуун адамды кармап, айып тагышкан. Орус мафиясы деп айтылган топтун ичинде Тимур Суйунов, Бакай Марат уулу деген ысымдар да бар.

Алардын биринин жашы 28, экинчисиники 25 деп көргөзүлгөн.

Америкалык прокурорлор билдиришкендей, кылмыштуу топ маңзат, уурдалган товарларды, анын ичинде тамекини сатуу, опузалоо, кредит карталардан акча уурдоо, адам өлтүрүүгө киши жалдоо өңдүү иштер менен алектенген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG