Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу боюнча анын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. Ишти бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, өтүнүчтү канааттандырган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жапаровдун жактоочуларынын бири Шарабидин Токтосунов билдирди:
- Соттун токтомуна каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылууну чечтик. Кийинки отурум 16-июнга белгиленген. Биз ага чейин шаардык сотко арыз жазабыз. Биз даттангандан соң сот отуруму белгисиз мөөнөткө токтойт.
Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасында кармалган.
Нааразы болгон тарапташтары ошол күнү УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар. (SE)