Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгына 25 жыл болду


Кыргызстан менен Ирандын дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл толду. Ага байланыштуу эки өлкөнүн президенттери бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тарыхый кыска мезгил ичинде Кыргызстан менен Иран саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин жөнгө салууга жетише алышканын белгиледи. Мындан тышкары президент Атамбаевдин куттуктоосунда эки өлкө БУУ, ШКУ жана башка көп тараптуу уюмдардын алкагында да активдүү кызматташып жатышканы, мындан ары да бардык тармактар боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экени айтылган.

Ошол эле учурда Ирандын президенти Хасан Роухани өз катында өткөн 25 жыл аралыгында Иран менен Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн чоң кадамдарды жасашканын белгилеген. «Мен эки өлкөнүн элдеринин гүлдөп-өнүгүшү үчүн, ошондой эле аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылуу жана бекемдөө максатында бул багыт мындан ары да туруктуу улана берерине ишенем. Региондогу чакырыктарды жана коркунучтарды ийгиликтүү жеңүү Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнө, кызматташуусуна жана бири-бирин толуктай билүүсүнө тыгыз байланыштуу», - деп жазган.

Быйыл апрель айында айтылган маалымат боюнча, Иран менен Кыргызстандын бир жылдык соода жүгүртүүсү $14,8 млн доллар. Тараптар бул санды 100 млн долларга чейин жеткирүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG