Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Токойчулар айгүл гүлүн үзгөндөр боюнча милицияга кайрылат


Интернетте тараган сүрөт.
Интернетте тараган сүрөт.

Бул тууралуу Баткен облустук токой чарба кызматынын башчысы Абдыкалык Кимсанов «Азаттык» радиосуна билдирди.

Тамырынан үзүлгөн Айгүл гүлүн тобу менен кучактап турган кыздын сүрөтү интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып жатат. Азырынча анын аты-жөнү тактала элек. Гүл менен кандай жагдайда сүрөткө түшкөнү, качан тартылганы, өзү үзгөнбү-жокпу белгисиз. Сүрөт боюнча токой чарба кызматкерлери милицияга кайрыла турган болду.

Айгүл Кыргызстандын «Кызыл китебине» киргизилип, корукка алынган. Бир гүлдү үзгөн кишиге 4,5 миң сом айып пул салынат.

Быйыл гүлдү жулуп кармалгандар каттала элек болчу. 2016-жылы эки киши кармалып, айыппул төлөгөн. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG