Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Мединадагы жардырууга байланыштуу 46 киши кармалды


Мединадагы жардыруудан тартылган видеонун бир элеси
Мединадагы жардыруудан тартылган видеонун бир элеси

Өткөн жылы Сауд Арабиянын Медина шаарында болгон жардырууга шектелип 46 киши кармалды. Бул тууралуу 30-апрелде падышачылыктын ички иштер министрлигине таянып, расмий Сауди маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 32 шектүү саударабиялык, калган 14ү чет өлкөлүк. Жидда шаарынан кармалган бул адамдар кайсы топко таандык экени айтылган жок.

Өткөн жылдын 4-июлунда Мединадагы Мухаммед пайгамбардын мечитинин жанындагы жардыруудан төрт күзөтчү өлгөн.

Ага жоопкерчиликти эч бир топ алган эмес. Бирок бийлик мурдатан Саудия монархиясын кулатууга чакырып келген "Ислам мамлекети" террор тобунан шектенишкен.

2014-жылдан тарта аталган топтун жоочулары Перс булуңундагы өлкөлөрдө бир топ жардырууларды уюштурушкан. Андан ондогон адамдар өлгөн.

XS
SM
MD
LG