Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Британ парламенти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин колдоду


Британ мыйзам чыгаруучуларынын көпчүлүгү Британиянын премьер-министри Тереза Мейдин 8-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү сунушун колдошту.

Парламенттин 650 орундуу төмөнкү палатасынын 522 мыйзам чыгаруучусу демилгени колдошту.

Добуш берүүнүн алдында, Тереза Мей парламентке кайрылуу жасап, мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоо учурда Евробиримдиктен бөлүнүү процессин баштаган Британияга "ишенимдүүлүктү жана туруктуулукту" алып келерин билдирди.

Мейдин 18-апрелде сунуштаган планын оппозициядагы Лейбористтер партиясы жана либерал-демократтар кубаттоо менен кабыл алышса, Шотландия улуттук партиясынын депутаттары добуш берүүгө катышпасын айтышты.

Британияда парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн. Кийинкиси 2020-жылы болмок.

XS
SM
MD
LG