Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Кытайда куш тумоосуна чалдыккан жаңы учур катталды


Кытайдын түндүгүндө Хэбэй провинциясында бир адамдын куш тумоосуна (H7N9) чалдыкканын Синьхуа агенттиги жазып чыкты. Ланфан шаарынын 69 жаштагы тургуну ооруну үйдөгү канаттуулардан жуктырып алышы ыктымал деп айтылууда. Ал жашаган аймакка карантин жарыяланды. Эпидемиялогиялык көзөмөл кызматы жергиликтүү тоок базарларын текшерүүдө.

Ушул жылдын башынан бери Кытайда 352 адам куш тумоосуна чалдыккан. Алардын 142си көз жумган. Инфекция аймакта марттын ортосунан тарта күчөп, 29 760 канаттууда куш тумоосу аныкталып, 170 миңден ашуун үй канаттуусу жок кылынган. Быйылкы жылдагы куш тумоосу 2009-жылдагыдай күчөп жатканын жергиликтүү бийлик да белгилеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG