Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

АКШ сенаторлор Ак үйдүн Асад боюнча турумун сынга алышты


Жон Маккейн
Жон Маккейн

Америкалык сенаторлор Сирия президенти Башар Асад боюнча туруму өзгөрүп жатат деп президент Дональд Трамптын администрациясын сындап чыгышты.

Республикачы Жон МакКейн менен Линдси Грехем 30-марттагы билдирүүлөрүндө мындай позицияны “олуттуу ката” катары баалашты. Мунун алдында эле Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли Асаддын бийликтен кетиши мындан ары алар үчүн башкы маселе эместигин билдирген. Сенаттагы Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы МакКейн Асаддын аскерлери, Орусиянын аба күчтөрү жана Иран кошуундары Сириядагы жайкын тургундардын өмүрүн кыйды деп айыптайт.

Ушул эле комитеттин мүчөсү Грехем АКШнын азыркы кадамы Сириядагы байистүү оппозицияга чоң сокку, ал эми анын каршылаштарына “чоң сыйлык” болоорун белгиледи.

2011-жылдын мартынан бери уланып келаткан жарандык согушта Орусия, Иран Башар Асаддын режимин, АКШ баштаган коалиция куралдуу оппозицияны колдоп келишет.

XS
SM
MD
LG