Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Бельгия террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүүдө


Бельгия бир жыл мурдагы эки террордук чабуулдун курмандыктарын эскерүүдө. Башкалаа Брюсселдин Завентем аэропортунан башталган иш-чарага король Филипп, ханыша Матильда жана премьер-министр Шарль Мишель баштаган расмий өкүлдөр катышууда. Туура бир жыл мурда бул аэропортто эки жанкечти өздөрүн жардырып, андан 16 киши мерт болгон. Биринчи жардыруу болгон таңкы саат 7:58де бир мүнөттүк жымжырттык жарыяланды. Андан соң эскерүү иш-чарасына чогулгандар экинчи жанкечти жардыруусу болгон Малбек станциясына барышты. Аталган станциядагы жардыруу дагы 16 адамдын өмүрүн алган болчу. 2016-жылдын 22-мартында болгон бул окуя Бельгиянын соңку тарыхындагы эң кандуу кол салуу деп мүнөздөлүп келет.

XS
SM
MD
LG