Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Нооруз-2017: Көк бөрү мелдештеринин финалисттери аныкталды


Көк бөрү оюну. Архив.
Көк бөрү оюну. Архив.

Нооруз майрамына карата Бишкекте жана Ошто өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештердин финалисттери аныкталды.

Таймаш калысы Табылды Асыгалиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Бишкек шаарындагы Ак-Кула ат майданында 19-мартта болгон жарым финалдык оюндарда Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары жеңип, финалга жолдомо алды. 3-орун үчүн Чүйдүн "Сокулук" жана Таластын "Мурас" командалары беттешет.

Бүгүн Ош облусунун Төлөйкан айылындагы ат майданда болгон жарым финалдык оюндарда Ош облусунун жана Ноокат районунун командалары финалга чыгышты. 3-орун үчүн Кара-Кулжа району менен жана Жалал-Абаддын "Көк-Арт" командалары таймашат.

Финалдык оюндар 21-мартта болот.

Көк бөрү боюнча мелдештердин тандоо оюндары 15-мартта башталган. Ош облусундагы оюндарга Ош жана Жалал-Абад облустарынан 10 команда катышты. Бишкекте Талас, Чүй жана Ош облустарынан 12 команда күч сынашты.

Көк бөрү мелдештеринен сырткары, Ош шаарында эр эңиш жана салбуурун боюнча, Бишкекте эр эңиш боюнча тандоо оюндары да өттү. Жеңүүчүлөр Нооруз майрамында аныкталат. Майрам күнү эки шаарда тең ат чабыштын тогуз түрүнөн жарыштар өтөт.

Мелдештерди Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция өткөрүп жатат. Ага 3 миллион 750 миң сом бөлүнгөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG