Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам даярдалууда


Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат

Бул тууралуу "Азаттыкка" вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтуусунда, учурдагы мыйзамдар менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө механизмдер жетишсиз болууда. Ошондуктан, жаңы мыйзам долбоорун жазуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Мыйзам долбоору даяр болгон соң, коомдук угуулар өткөрүлүп, талкууга коюлат.

Расмий маалыматтар боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген айып менен бир эле киши соттолгон. Көп учурда кылмыш иштер сотко жетпей, сотко жетсе да күнөөсүн далилдөө жана тиешелүү жазага тартуу кыйын болуп жатат, деп кошумчалады Жеңиш Разаков.

Бүгүн Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдар боюнча "тегерек үстөл" өтүп жатат. Ага ИИМдин жетекчилиги, өкмөттүн жана Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү, эксперттер, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчилери катышууда.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG