Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Түркмөн банктары кызматтары үчүн акча ала баштады


Банкомат.
Банкомат.

Жаңы эрежелерге ылайык, Түркмөнстандын банктары жарандардын, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин пластикалык карталарына түшкөн суммадан 1-3% кармап калышууда. Мындай пайыздар бардык жарандардан, анын ичинде айлыктары пластикалык карталарга которулчу мамлекеттик мекемелердин маяна эсептеринен да кармалууда. Эгер картага 3000 манатка (857 АКШ доллары) чейинки сумма түшсө, банк анын 1.12%, андан көп болсо 3% кармап калат .

Акыркы айларда жеке адамдардын пластикалык карталардан жана банк эсептеринен акча алууларына да чектөөлөр киргизилген. Аларга ылайык, картадан алына турган акчанын суммасы күнүнө 1000 манаттан, банк эсебинен алынчу сумма айына 3000 манаттан ашпашы керек.

Азырынча түркмөн бийлиги банк тарабынан киргизилген мындай чектөөлөр боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG