Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

“Бир дүйнө - Кыргызстан” УКМКны сотко берди


Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюму Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин сотко берди. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 15-февралда “Азаттыкка” билдиргендей, алар атайын кызмат такталбаган маалымат таратты деген негиз менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылды.

19-январда Оштун Кара-Суу районунда УКМК кызматкерлери “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 33 жаштагы жаранды кармаган. Анын үйүн тинтүү учурунда аталган диний кыймылды жактаган жана “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун ишмердигине байланышканы китептер табылганы кабарланган. Атайын кызмат шектүүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгогон.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму УКМК такталбаган маалымат таратып, укук коргоочуларды диний айып менен жаманатты кылып жатат деп билдирген. Кабарды төгүнгө чыгарууну сурап атайын кызматка расмий кат жолдогон. Бирок ага жооп келбегендиктен, сотко кайрылышкан.

УКМК териштирүүлөр мыйзамдын негизинде жүргөнүн билдирүүдө. Ал эми сот боюнча азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG