Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Кыргыз маалымат каражаттарында жек көрүү, чогоолдук күч алууда


Соцжеле.
Соцжеле.

Мындай корутундусун Борбор Азиядагы Медиатехнология жана тынчтык орнотуу мектеби жылдык иликтөөсүндө жарыялады. Анда айтылгандай, 2016-жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жана интернет булактарында чогоолдук, жек көрүү, исламофобия жана ага карата үгүттөө күч алган. Корутундуда мындай көрүнүш орус тилдүү жана кыргыз тилдүү медиада бирдей байкалары айтылат. Баяндамада ошондой эле интернетте ар кайсы курактагы, диндеги, улуттагы жана башка касташкан топтор пайда болгону да жазылган.

Анда Кыргызстандагы жалпы маалымат мейкиндигинде исламофобия негизинен диний радикализмге байланыштуу жайылган. Мындай маанай исламдагы жашоо мүнөзүн радикал агымдарга негизсиз салыштыруу менен коштолгон деп белгилейт авторлор.

Ал эми интернеттеги исламофобия 2014-жылга караганда үч эсе көбөйгөн. Иликтөөчүлөрдүн айтуусунда, мындай жагдайды радикал агымдарга азгыруучулар пайдаланып кетүүсү толук ыктымал. Корутундуга ылайык, 2016-жылы исламды талкуулаган медиаканалдар көбөйгөн, анда диний адамдар менен исламофобдордун ачык айтышы күч алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG