Казакстан парламентинин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Маулен Ашимбаев орус депутатынын “Казакстанга территориялык көз артышын” четке какты.
Мамлекеттик Думанын депутаты Павел Шперовдун сөздөрү “достук жана жакшы кошуналык маанайга туура келбейт”,- деп белгилеген Ашимбаев 6-февралда тараткан билдирүүдө.
Павел Шперов 26-январда парламент уюштурган "тегерек стол" жыйында Казакстан тарапка “убактылуу өтүп калган жерлер” жөнүндө сөз кылган. Казакстандын тышкы иштер министрлиги ал боюнча тынчсыздануусун билдирген. Орусиянын тышкы иштер министрлиги депутат Шперов Орусиянын тышкы саясаты боюнча билдирүү жасоого ыйгарым-укуктуу эместигин ырастады. (AiT)