Мексикалык Interjet авиакомпаниясы дүйшөмбүдө ага караштуу Superjet 100 орусиялык лайнерлеринин учуусун пландан тышкары текшерүү үчүн токтотту. 23 -декабрда Орусия Sukhoi Superjet 100 учактарында мүчүлүштүктөр табылганын билдирген.
Interjet 20дан ашуун жакында эле чыгарылган Superjet учактарын сатып алган.
Мексикадагы Кардарлардын укугун коргогон мекемесинин маалыматына ылайык, бул пландалбаган текшерүү 25 аба каттамдын ишин үзгүлтүккө учуратты. Ал эми орусиялык ири “Аэрофлот” компаниясы 24-декабрда ички багыттагы 21 авиакаттамды токтотту.