Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

“Газпром” жетекчиси Алексей Миллер “Данакер” ордени менен сыйланды


Сыйлык тапшыруу аземи.
Сыйлык тапшыруу аземи.

Орусиянын “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер “Данакер” ордени менен сыйланды. Аталган сыйлыкты президент Алмазбек Атамбаев Миллерге “Газпром” компаниясы курган Бишкектеги спорт комплексинин ачылышында тапшырды.

Атамбаев “Газпром” компаниясы Кыргызстан үчүн мааниси чоң экенин билдирип, анын өлкөдө кылып жаткан иштерин жогору баалады.

Кыргызстанга кыйын учурда Орусиянын “Газпром” компаниясы өлкөнү колдоону улантканын президент белгиледи.

Ошондой эле Атамбаев “Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” саткан учурда сындагандар чыкканын, бирок алардын сыны негизсиз экенин мезгил далилдегенин кошумчалады.

Бүгүн Бишкектеги “Арча-Бешик” конушунда “Газпром” ишканасы курган спорт комплекстин ачылышы өттү. Аталган спорт комплекстин аянты 5 миң чарчы метр, анда бир эле убакта 500 киши машыга алат.

“Газпром” өлкөдө мындай комплекстерден 16ны курууга убада берген. Учурда беш комплекс пайдаланууга берилди.

Мурдагы “Кыргызгаз” ишканасын 2014-жылы “Газпром” сатып алган соң, “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлүп, "көгүлтүр от" тармагын аталган ишкана тейлейт. (BkA/SDz)

XS
SM
MD
LG