Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Мосулду бошотуу операциясынан улам миңдеген адамдар жер которууда


Мосулдун жанындагы ирак күчтөрү.
Мосулдун жанындагы ирак күчтөрү.

Save the Children кайрымдуулук уюмунун 19-октябрдагы билдирүүсү боюнча, акыркы он күндө Сирия чек арасынан өтүп, Аль-Хол лагерине беш миң киши келди. Мосулдагы кризиске каршы чара көрүү тобунун жетекчиси Тарик Кадир “ал жерде кырдаал начарлап, жакынкы мезгилде дагы миңдеген адамдардын келишин” күтүп жатабыз деди.

Бириккен Улуттар Уюму акыркы 24 саатта качкындар лагерине 900 киши келгенин жана дагы үч миң адамдын келээри күтүлүп жатканын маалымдады.

Мосулдун түштүк, чыгыш жана түндүк тарабына качкындар үчүн лагерлер курулган. Ирак өкмөттүк жана күрт күчтөрү Мосулду бошотуу операциясын 17-октябрда баштаган. Ушундан кийин 1,5 миллиондой калк жашаган шаардан миңдеген качкындар жер которору күтүлүп жаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG