Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Жикчилдер “Моторолланын” өлүмү үчүн өч алаарын билдирүүдө


Орусия колдогон жикчилдердин таасирлүү командирлеринин бири Донецк шаарындагы кол салууда өлгөн. “Моторолла” деген каймана аты бар, 33 жаштагы Орусия жараны Арсен Павлов "Спарта" аттуу жоочулардын тобун башкарган жана Донецк аба майданында Украина күчтөрүнө каршы күрөшкө катышкан. Интерфакстын маалыматы боюнча Арсен Павлов 16-октябрда Донецкиде лифт менен үйүнө көтөрүлүп бараткан мезгилдеги жардыруудан өлгөн. Анын жансакчысы да көз жумган. Жикчилдердин лидери Александр Захарченко Арсен Павловдун өлтүрүлүшү үчүн Киевди айыптап, аны “согуш жарыялоо” катары баалады. Ал ошондой эле Украина коопсуздук күчтөрүнүн башчыларынан жана алардын үй-бүлөлөрүнөн өч алышарын убада кылган. Украина тараптан жооп боло элек. Чыгыш Украинада согуш 2014-жылы апрель айында тутанган. (AiT)

XS
SM
MD
LG