Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Туңгучта жерге байланыштуу митинг уланууда


Бишкектин Туңгуч районунда үй салууга жер алып, бирок курулушка уруксат берилбей жатканын айткан тургундар эки күндөн бери митингге чыгышууда. Алар жүздөн ашуун киши чогулганын “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, Лебединовка айыл өкмөтүнөн алты жыл мурун үй салууга жер алышкан. Тийиштүү төлөмдөр төгүлүп, бардык уруксат кагаздар берилген. Бирок өкмөттөн токтом чыкпай калган. Митингге чогулушкандар маселени тез арада чечүү талабын коюп, болбосо курулушту баштай беришерин айтышууда.

Нааразылык акциясы 8-октябрда башталган. Ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү митингчилерге барып жолугуп, документтерди мыйзамдаштырганча күтүп турууну суранышкан. Эл мыйзамдаштыруу жараянын тездетүүнү талап кылышууда.

Жер Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан.(SE)

XS
SM
MD
LG