“Саламаттыкка бирге” аттуу коомдук фонддун көмөгү менен Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн беш оорулуу баласы Германияга акысыз дарыланганы кеткени жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Кыргызстандык дарыгерлердин колунан келбеген оор операциялар талап кылынган беш бала Германияда жарым жыл дарыланышат. Алар оор күйүккө кабылгандар жана тубаса кемтиги менен төрөлгөндөр.
Балдарды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургу Бактыбек Өмүрзаков коштоп барат. (BCh)