Дин маданиятынын тарыхы быйылкы жаңы окуу жылында Бишкектеги жана Оштогу он мектепте 9-класстын окуучуларына окутула баштайт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттен маалымдашкандай, бул Коргоо кеңешинин чечимине ылайык ишке ашырылууда. Сабак берүүчү мугалимдер 16-18-август күндөрү Осло шаарында атайын окуудан өткөрүлөт.
Маалыматта айтылгандай, дин маданиятынын тарыхын окутуу мезгил талабы болууда. Ал жаштарды түрдүү радикал диний агымдардын таасиринен коргоого жардам бермекчи. (ZKo)