Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Жалал-Абад: Июнь окуясына айыптуу деп шектелген 38 адам эл аралык издөөдө жүрөт


2010-жылдын Июнь окуясына тиешеси бар деген шек менен Жалал-Абад облусу боюнча учурда 38 адам эл аралык издөөдө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн облустук милиция башчысынын орун басары Марат Шайбеков "Азаттыкка" билдирди.

Шайбековдун айтуусунда, 2010-жылдагы каргашага айыптуу деп табылып, тергөөдөн качып жүргөн 51 адамга издөө жарыяланып, анын 13ү кармалган. Калган 38 адам эл аралык издөөдө.

Алардын 10у Орусияда, 2 Өзбекстанда жана бирөө Швецияда жүргөнү аныкталган.

Орусияда кармалган 3 адамды экстрадициялоо тууралуу тийиштүү кагаздар жөнөтүлгөн. Ал эми Интерполго берилген 10 адам боюнча аталган кызмат издөө жарыялоодон баш тарткан.

Жалал-Абадда жалпысынан Июнь окуясында 90го чукул жаран мерт болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон.

2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 442 адамдын өмүрү кыйылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG