Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Грекияга жакын жерде 700дөй качкын түшкөн кеме чөгүп кетти


Качкындар кайыгы.
Качкындар кайыгы.

Грекиянын Крит аралдарына жакын жерде кеминде 700 киши түшкөн кеме чөгүп кетти. Эл аралык миграция кызматы 340 адам куткарылганын, төртөөнүн жансыз денеси табылганын билдирди. Калганы белгисиз.

Бул кызматтын билдиришинче, грек аймагындагы сууларда адам өмүрүнө забын болгон окуя апрелден бери биринчи ирет катталды.

Евробиримдик менен Түркия ортосундагы качкындар боюнча келишимдин толук ишке ашпай жатышы мигранттардын Грекияга агымын күчөттү.

Быйыл Жер ортолук деңизи аркылуу Европага 205 миң качкын өткөнү кабарланууда.

Алардын үчтөн бири Сирия менен Ооганстандагы куралдуу жаңжалдан кара башын калкалап качып чыккандар.

XS
SM
MD
LG