Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Футбол: Өзбекстан менен Экватордук Гвинея ойнобой калды


Өзбекстандын футбол федерациясынын расмий сайтындагы маалымат. 31-май, 2016-ж.
Өзбекстандын футбол федерациясынын расмий сайтындагы маалымат. 31-май, 2016-ж.

2-июнга белгиленген Өзбекстан менен Экватордук Гвинея өлкөлөрүнүн футбол боюнча улуттук курама командаларынын Ташкен шаарындагы жолдоштук беттеши болбой калды.

Бул тууралуу Өзбекстандын футбол федерациясынын расмий сайтында кабарланган. Маалыматка караганда, мындай чечим Экватордук Гвинеянын футбол федерациясы тарабынан кабыл алынган. Федерациянын башкы катчысы Тадео Нсуе Онванын колу коюлган катта кабарлангандай, Африка улуттарынын кубогунун 5-турунда Экватордук Гвинея - Бенин курамалары 3-июнда ойношу мүмкүн. Ошол себептен Экватордук Гвинея Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Ташкен шаарына келе албастыгы айтылган.

“Биз Өзбекстан футбол федерациясынан кечирим сурайбыз жана тараптар жакынкы арада оюн талаасында жолугат деп үмүт кылабыз”,-деп жазылган башкы катчынын колу коюлган катта.

Өзбекстан менен Экватордук Гвинея өлкөлөрүнүн футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши 2-июнда Ташкен шаарындагы «Бунёдкор» стадионунда өтмөк. Бул оюн үчүн 28-майдан баштап 15 миң сумдан 30 миң сумга чейинки баада (350-700 сом) билеттер сатыкка чыгарылган болчу. Өзбекстандын футбол федерациясы сатылган билеттерди кайрадан кайтарып аларын жарыялады. Буга чейин Өзбекстандын футбол федерациясы Кыргызстандын улуттук курама командасы менен 2-июнда Ташкенде жолдоштук беттеш өткөрүүдөн баш тартып, себептерин ачык айткан эмес. ФИФА рейтингинде учурда Өзбекстан 66-, Экватордук Гвинея 83-, Кыргызстан 100-орунда турат. (ECh.)

XS
SM
MD
LG