Бул дагы канчага созулат? Европа Биримдигине Кыргызстан кайсы товарларды экспорттой алат?
Европа биримдигине Кыргызстан эми товарларды бажы төлөмүсүз экспорттойт деген кабарды уккандан бери өзгөндүк жеке ишкер Адан Көккөзов күрүч чарбасын эл аралык стандартка туура келтирүү менен алек. Ал чарбасы кичине болсо да башка фермерлер менен чогуу 28 өлкөнүн рыногуна чыгууну көздөп турат:
- Күрүчтү Европага чыгаруу үчүн аны алгач эл аралык стандарттарга туура келтире турган жабдууларды сатып алуу үчүн ПРООНдон атайын долбоор утуп алдык. Кудай буюрса аны күзгө чейин куруп, орнотуп алабыз. Ошондо азыр капка салып кучактап отурбай, 800 грамм, 5, 10, 25 килограммдык пакеттерге салып таңгактай баштайбыз. Ошону менен лабораториядан өткөрүп, сертификат алып, анан Европа Биримдигине сатабыз. Албетте өз чарбамда күрүч анчалык деле көп эмес, бирок башка чарбалар менен чогуу иш кылабыз.
Кыргызстанга ВСП+ же Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын берүү чечимин Европа биримдиги 27-январда кабыл алган. Бул артыкчылык макамына ылайык, кыргызстандык экспортчулар товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөбөйт.
Ишкерлер Евробиримдикке айыл чарба азыктарын, азык-түлүк, мөмө-жемиш, жашылча, тамеки, арак, тери, эт, текстиль, ювелирдик жана кийизден жасалган буюмдарды ташый алат. Шартка жараша Кыргызстандын ар бир региону өзүнө мүнөздүү товарларды экспортоону жолго коюп алса болот. Маселен Талас облусу төө буурчакты, Баткен облусу өрүктү, Ош облусу күрүчтү, балды экспорттосо болот.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын адиси Ажимурат Жалилов жалалабаддыктар Европага жаңгак экспортун көбөйтөрүн билдирди:
- Жалал-Абад облусунда жапайы жаңгактын 35 миң гектар аянты бар. Ал экологиялык жактан таза, сапаттуу экенин эл аралык коомчулук деле жакшы билип калды. Бардык продукцияны жөнөтөбүз деп жабыша бербей эми ушул жаңгакты эле экспорттоону көбөйтүп алсак жакшы болмок. Албетте башка товарларды деле жолго койсок болот, бирок жаңгакты экспорттоонун чоң перспективасы бар. Алгач ишенимге кирип алсак, анан алар көнүп алгандан кийин, дайым кардар болуп калышат.
Бирок Кыргызстандагы товарларды Европа биримдигинин стандарттарына туура келтирүү, сертификациялоо жана лабораторияларды куруу кечеңдөөдө.
“Өзгөн шалы” үрөн кооперативинин жетекчиси Адан Көккөзов кайрадан кепке кошулду:
- Товарларды сертификациялоо иштери аябай кеч калды. Логистикалык борборлор, лабораториялар курулган жок. Муну азыртан иштеп чыгып, тезирээк аракет кылбаса, эртең экспортоого келгенде ишкерлер аябай кыйналат. Бир эле жерден кынтык чыгып калса, жолдон кайра кайтарып, же жок кылып салып, миллиондогон чыгашаларга алып келиши мүмкүн. Маселен мен азыр күрүчтү экспорттойм десем, кайсы лабораторияларга алып барам? Кайсы жерден сертификат алам?
Экономика министрлиги болсо Европа Биримдиги Кыргызстанга артыкчылык макамын берген менен эле иш бүтпөгөнүн, андан аркы жумуштар дагы бир жылча созуларын билдирүүдө. Министрликтин өкүлү Жылдызбек Жумаков буларга токтолду:
- Мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана донордук уюмдардын катышуусунда Экономика министрлигинин алдында атайын жумушчу тобу түзүлдү. Ал жумушчу топ из кантип ВСП+ статусун колдоно алабыз, биз кантип Европа Биримдигин багындыра алабыз, евростандартка биздин товарларды кантип дал келтиребиз, алардын сертификатын кантип алабыз деген суроолорду изилдеп, ошонун тегерегиндеги көйгөйлөр менен иштеп жатат. Негизи ЕБ бизге товар киргизүүнү жеңилдетти деген менен эле иш бүтпөйт, ага даярдык иштери узак процесс. Ал эми лабораториялар боюнча айта турган болсом, биз ЕАЭБге кирүүгө даярдык катары азыр атайын лабораторияларды куруп жатабыз, ЕБге товар экспорттоого деле ошол жайларды колдонобуз.
Жумаковдун айтымында, аз күндөн кийин Европа комиссиясынын өкүлдөрү да Кыргызстанга келип, товар экспорттоонун эрежелери талкууланат.
“Биз - эксперт” аналитикалык борбору уюштурган Ош шаарындагы тегерек үстөлдө Европага экспорттолчу товарлардын тизмеси, бажы эрежелери, техникалык стандарттар, ишкерлердин жана мамлекеттин аракеттери талкууланган.
Бул арада адистер Европага чейинки мамлекеттерде товар алып өтүү жеңилдебей жатканын эскертүүдө. Эксперт Эркин Абдыразаков Европа Биримдиги Кыргызстанга артыкчылык берген менен өнөктөш мамлекеттер чек арадан кыргыз ишкерлерин кысмакка алып жатканын айтууда:
- Европа Биримдигине товар жөнөтсөк, суу кемеси менен же самолет менен жеткирбейбиз да. Кайра эле поезд же оор жүк ташуучу унаалар менен жөнөтөбүз. Демек ЕБге карай жолубуз кайра эле Орусия менен Казакстан. Бул эки өлкө тең Европа Биримдиги менен тил табыша албай, кризистик маалда бири-бирине санкцияларды киргизип жаткан чакта, Кыргызстан аларды аралап кантип өтүп кетет, мен ошону түшүнбөйм. Маселен Казакстан Евразия экономикалык биримдигинде союздаш экенибизге карабай, азыр биздин айдоочуларды, товарларды чек арадан өткөрбөй, ар кандай шылтоо менен кыйнап жатат. Алыска кете турган товарларды алар мындан да кыйнашы мүмкүн. Ошол себептүү кыргыз бийликтери биринчи кезекте Казакстан менен Орусиядан бизге бажы жеңилдиктерин алышы шарт.
Европага товар ташуу жеңилдигин алган 14 гана өлкө бар. Алардын арасында Кыргызстан да дээрлик жарым миллиард кардары бар рынокко чыгат. Ушул тапта Кыргызстан чет жакка жылына жалпы 5745,8 миллион долларлык товар экспорттосо, анын 3%, башкача айтканда, 50 миллион долларлык товар гана Европага кетет.