19-майга чейин камакта калтырылды
Бишкектин Свердлов райондук соту Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. Журналисттин бөгөт чарасын кароону сот 22-мартта түшкү 12ден өтүп баштап, чечимин саат 19га жакын жарыялады.
Бөгөт чарасынын мөөнөтү 19-майга чейин деп аныкталды.
Сот отуруму жабык өтүп, ага адвокаттан башка жакындары, кызы дагы киргизилген жок.
Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши “Канышайга боштондук”, “Сот ачык болсун” деген чакырыктарын айтып турушту.
Адвокат Акынбек Ногоев "Азаттыкка" айтып бергендей, журналистти камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо өтүнүчү менен сотко тергөөчү кайрылган. Сот анын бул өтүнүчүн канааттандырды.
Соттук отурумда, Ногоевдин айтымында, айыптоочу тарап Мамыркуловага коюлган массалык башаламандык тууралуу айып оор кылмыш деп эсептелерин жүйө келтирип, натыйжада ал камакта калтырылды.
Адвокат Мамыркуловага айып тагууга негиз болгон постторунун экспертизасынын жыйынтыгы менен да таанышканын билдирди:
"Ал жерде эксперттер түздөн-түз ошол посттордо лингвистикалык кандайдыр бир сыпаттамалар бар, башаламандыкка чакырык бар деп түздөн-түз көрсөтүлбөгөн. Негизи эксперттер деле сыпаттамалар бар деп түздөн-түз айткан эмес".
Экспертиза жүргүзгөн мекеме жана башка тийиштүү органдар азарынча бул боюнча комментарий бере элек.
Милициянын расмий маалыматы
Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кетип, 48 саатка камаганы 20-мартта белгилүү болгон. Бишкек шаардык милициясы Фейсбуктагы баракчасына журналисттин кармалышы тууралуу расмий маалыматын жана анын ушул эле социалдык түйүнгө соңку күндөрү жазган сегиз постунун сүрөтүн жарыялаган. Ал посттордо кимдир бирөөнүн аты-жөнү же кызматы аталган эмес, бир-экөөндө кыргыз-тажик чек арасын тактоо, макулдашуу боюнча соңку окуялар тууралуу сөз болгон.
Шаардык милициянын басма сөз кызматынын "массалык башаламандыкка чакырыктарга жана улут аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды" деген маалыматында:
"Социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалымат таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык башаламандык уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улут аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган "Канышай Мамыркулова" аттуу колдонуучу аныкталган" деп кабарланган.
Мекеме жогорудагы маалымат соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталганын, Бишкек милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен иш козгогонун, Мамыркулова "мурда орун алган кыргыз-өзбек чек ара маселелери боюнча да коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралганын" кошумчалады.
"Сурак берүүдөн баш тартты"
Экспертизанын жыйынтыгы менен Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде да айып тагылары сурак алдында айтылганын "Азаттыкка" адвокат Нурбек Сыдыков 21-мартта билдирген. Ал Мамыркулованы Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан суракка алып чыгышканы менен ал андан баш тартканын айткан:
"Канышай Мамыркулованын бүгүн абалы салыштырмалуу жакшы, кечээ моралдык-психологиялык абалы өтө начар эле. Бүгүн суракка алып келгенде андан баш тартып, бул анын Баш мыйзамда жазылган укугу экенин билдирди. Мамыркулова өзү эч кандай күнөөсү жок экенин, башаламандыкка чакырбаганын, кылмышка тете иш кылбаганын айтып жатат".
Активист Аманбол Бабакулов Мамыркулова камалгандан кийин жазып, адвокатынан берип жиберди делген катты Фейсбукка жарыялады:
"Урматтуу кыргыз эли! Чек ара меники же башканыкы эмес, жалпыбыздыкы. Мен кылмыш кылганым жок. Мен ПРИНЦИП деген сапатты, элди, элдүүлүктү, жерди сактайлы деп пикиримди билдирдим. Кудай алдында, бабам Токсаба Төрөнүн алдында, элдин алдында айыптуу эмесмин. Сый-урматым менен Канышай Мамыркулова".
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер, жалпысынан 60тай киши президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.
Кайрылууда "Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун эл көрүп, билип турат. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, "бөрк ал десе, баш алган" жорукка сиздерди жол бербейт деген ишеничтебиз жана сиздерден калыс, акыйкат, адилет мамиле күтөбүз!" деп жазылган.
Кайрылууга кошулгандардын бири Семетей Талас уулу буларга токтолду:
"Биз Канышай эжеге тилектештик билдирип жатабыз, бошотуп койсо деген үмүтүбүз бар. Менин оюмча Канышей эженин жазгандарында мамлекетти басып алууга чакырган нерселер жок. "Чындык ачуу болот" дешет, балким ошого теригип кетишти. Эже өзү оорулуу, ал анчалык масштабды, башаламандыкты каалабайт, дайыма мыйзам иштесин деп келген. Мамыркулова Конституцияда жазылган укугун гана колдоду, ар бир адам өз оюн билдиргенге укуктуу. Эже өз оюн, пикирин ачык жазып жүргөнү баарыбызга маалым".
Кайрылууда "эгер мыйзам алкагында кандайдыр бир чекилик кеткен болсо жалгыз бой энени үй камагына чыгарып, териштирүү иштерин жүргүзсө болот" деп белгилешкен.
"Канышайга боштондук"
Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында иштеген Мамыркулова соңку жылдары эркин журналист катары соцтармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, бийликтин айрым иштерин кескин сындап турган.
Ал кармалгандан кийин журналисттер, жарандык активисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактарга жазып жатышат. Алар журналисттин ден соолугун начар экенин жазышып, үй камагына чыгарууну бийликтен талап кылууда:
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.
Бийлик жана күч органдарынын жетекчилери кайрылууларга комментарий бере элек.
Мамыркулова аны кармап кетерден бир сааттай мурун Фейсбуктагы баракчасына парламент депутаттарынын Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө жасаган мамилеси тууралуу пост жазган.
Мурунку президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда Мамыркулова куугунтукка кабылып, аткаминерлер менен соттошуп, белгисиз бирөөлөрдөн зомбулук көргөнүн айткан учурлары да болгон.
Мамыркулова тууралуу азыркы бийликти жактагандар менен фейк-фабрикалар социалдык тармактарда ар кандай каралаган постторду жазып келишет. Ошол эле маалда, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө калыс пикир айтканын жактагандардын катары да калың.
Шерине