Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

"Пишпекке келүү үчүн үйүн сатышкан". "Интергелпонун" кыргыз тарыхындагы изи


Коллаж
Коллаж

Кыргызстанга мындан 100 жыл мурда Европадан “Интергелпо” кооператив уюму келген. Чех, словак, мажар, украин, русин ж.б. улуттардан куралган кооператив мүчөлөрү Кыргызстанда өнөр жай, курулуш тармагынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон.

Тарыхчылар “Интергелпонун” өлкө тарыхындагы ордун белгилеп, мурда-кийин айтылбай калган айрым жагдайлар бар экенин белгилешет.

Туура жүз жыл мурда, 1925-жылы март айынын соңунда Кара-Кыргыз автоном облусунун борбору Пишпекке "Интергелпо" кооперативинин мүчөлөрү келген. Алардын басымдуусу ар кандай тармактын адистери болгон.

Жусуп Баласагын Кыргыз улуттук университетинде 20-мартта “Интергелпо – кыргыз өнөр жайынын башатында” аттуу илимий кереге кеңеш өттү. Жыйынга чех, словак диаспорасынын өкүлдөрү, жергиликтүү тарыхчылар келди. Чет өлкөлүк илимпоздор онлайн катышты.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, Кара-Кыргыз автоном облусуна "Интергелпо" кооперативинин 1317 мүчөсү келген.

Европадан адистерди алып келген Маречек

Европалык адистерди шаймандары менен Ала Тоого алып келүүдө Рудольф Маречек чоң роль ойногон. Европадан Орто Азияга тагдыр айдап келген Марачек Үркүндө Кытайга качкан кыргыздарды кайтаруу ишин да аркалаган.

Анын небереси Элвира Маречек Кыргызстандын тарыхында чоң атасынын өз орду бар экенин айтты:

“1918-жылы күзүндө Жети-Суу облусунун бийлиги аны 1916-жылы Кытайга куулган кыргыз-казактарды кайтаруу үчүн жөнөтөт. Кытайга жетүү оңой болгон эмес, Үч-Турпандан чоң атам базарда жүрсө кытайлар кармап, зынданга салып коюшкан экен. Ал жерде бир ай жатыптыр. Абак жетекчилиги камалгандарга тамак бербей, аларды базарга алып чыгып, ошол жерден эл бергендерди жешчү экен. Чет өлкөлүк болгондуктан чоң атама коштоочу менен базар кыдырууга уруксат берилиптир. Рудольф Павлович сегиз тилди билчү. Ошол жерден кокусунан француз туристин көрүп калып, анын жарымы менен зындандан кутулуп чыгыптыр. Кытайга качкандарды кайтарганы менен жаңы техника, адистер жок болгону үчүн айыл чарбасын өнүктүү оңойго турбасын билип Чехияга барган".

Европадан адистерди жана шаймандарды алып келүү үчүн Рудольф Маречек 1922-жылы үй-бүлөсүн Прежевальскийге (азыркы Каракол-ред.) таштап, Чехияга кетет. Ал жакта 1925-жылга чейин адис топтогон.

Эсперанто тилинен “ич ара көмөктөшүү” деген маанини билдирген “Интергельпо” кооперативи алгач 1923-жылы Словакиянын Жилин шаарында түзүлгөн.

Тарыхчылардын белгилешинче, кооперативдин мүчөлүк акысы жогору болуп, 3-5 миң кронго (чехтердин улуттук валютасы) чейин жеткен. Бул үчүн үй-мүлкүн саткандар болгон. Акча өнөр жай үчүн керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалган.

Белгилүү публицист, бир катар иликтөөлөрдүн автору Амирбек Аззам уулу европалыктардын цивилизациядан алыс өлкөгө келишинин элге белгисиз дагы себебин айта кетти.

Амирбек Аззам уулу.
Амирбек Аззам уулу.

“Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин австро-венгер туткундары Кыргызстанда жүргөн. Алардын айрымдары 1917-жылы Падышалык Орусияда бийлик алмашканда мекенине Ыраакы Чыгыш менен кайтышкан. Советтик бийликке каршы чыккан Колчактын алтынын кошо ала кеткендери да болгон. Анан көбү мекенине барганда ирденип, байып кеткен. “Интергелпонун” мүчөлөрүнүн айрымдарынын бул жакка келишине ошол себеп болгон. Жашоо-турмушубузду оңдоп алабыз деп ойлошкон. Бирок айтып коюшубуз керек, Чехия ошол кезде дүйнөдөгү өнүккөн он мамлекеттин бири эле, элинин 90% сабаттуу болгон".

Амирбек Аззам уулу "интергелпочулардын" иш билгилигине жергиликтүү эл суктанып, иштеп жаткан жумушчуларга "мага күйөө бала бол" деп келгендер болгону тууралуу маалыматтар барын кошумчалады.

“Интергелпо” ошол кездеги чех, словак, мажар, украин, русин улутунун өкүлдөрүнөн турган кооператив болгон. Словакиянын Жилин шаарынан чыккан алгачкы эшелон Пишпекке 28-мартта жеткен.

"Жусуп Абдрахманов өзү баалаган"

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, ошол доордо “Интергелпо” Кыргызстанга чоң тоскоолдуктар менен келген.

"Ал кезде советтер биримдиги тоталитардык деңгээлге чыга элек болчу. Коммунисттик идеалдар таза кезде келгендер өнөр жайынын айрым тармактарын өнүктүрүүгө жардам берген. Чүй өрөөнүндө булар баштаган өнөр жайлар кийин канат жайып, кубаттуу завод-фабрикаларга айланган. Азыр бизде коммунисттердин мааракесин эмнеге белгилеп жатышат дегендер чыгышы мүмкүн. Бирок сын айтуу оңой. Бирок ошол кезде Чехославакияда башка система болгон. Иш таштаган жумушчуларды полиция аткан учурлар болгон. Кыргызстанга барып иштейбиз дегендерге чех өкмөтү паспорт бербей койгон. Рудольф Маречек биринчи эшелонду жибергенде өзү чыга албай калган, себеби сыртка чыга турган паспортту Чехославакия бербей койгон”.

Тарыхчы, жазуучу, президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу уста, курулушчу, тигүүчү, инженерлерден турган топтун ишин убагында Жусуп Абдрахманов да жогору баалаганын айтты:

Кыргызстандык жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев.
Кыргызстандык жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев.

“Интергелпону” мен 20-кылымдын башында кыргыз маданиятына, кыргыз лексикасына от араба, шайтан араба деген терминдердин кириши менен байланыштырам. Юлиус Фучик айткандай, көчмөндөр жашаган ээн талаа, эрме чөлдө европалык деңгээлдеги өнөр жайын өздөштүрүү мега долбоор болгон экен. Тарыхта советтик модернизация деп коебуз, ошонун эң көрүнүктүүсү ушул болгон. Кыргызстандагы бардык өнөр жайда "Интергелпонун" изи бар. Убагында булардын ишин Совнаркомдун төрагасы Жусуп Абдрахманов да жогору баалаган. Кыргыз АССРинин өнөр жайы өнүгүп кетсе экен деп аларды турак жай, чийки зат менен камсыздоого тапшырма берип, кам көргөн. “Мен аларды көрдүм, биз алардан үлгү ала турган эл экен” деп жазган".

"Интергелпонун" усталары жасаган делген Жусуп Абдрахмановдун иш үстөлү учурда Тарых музейинде турат.

"Интергелпо" Кыргыз АССРинин Өкмөт үйүн (азыркы Маданият министрлиги отурган имарат), Жумушчулар шаарчасын, ипподромду ж.б. имараттарды курушкан.

Тарыхчы Арслан Капай уулу борбор калаада “Интергелпо” мүчөлөрү курган объектилер бузулбай, тарыхтын күбөсү катары сакталып калууга тийиш деген пикирде.

“Аларга совет бийлигинин чакырыгы менен артта калган элдерге жардам беребиз деп келишкен. Аны танууга болбойт. ХХ кылымда кыргыз эли үч уктаса түшүнө кирбеген трансформацияны баштан кечирген. Ошол себептүү, "Интергелпо" жайгашкан жер, алар курган имараттар тарыхтын изи катары сакталып калууга тийиш”.

Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору Акылбек Кылычев “Интергелпо” Ала Тоого Европа маданиятынын бир үзүмүн, прогрессти ала келген деген пикирде.

“Күрөк, соко менен жүргөн кыргыздарга прогресс "Интергелпо" аркылуу келген деп жатышпайбы. Канча бир өнөр жайды түптөп беришкен. Бул салымды четке кагууга болбойт. Ар бир эл кайсы жерге барбасын алардын жүрүм-туруму, каада-салты жергиликтүүлөргө байкалат, таасири тийет, таасири тийген. Маданият деген ошол. Тилекке каршы, доор алмашканда завод-фабрикалардын көбү бузулуп, талкаланып кетти. Бул албетте өкүнүчтүү нерсе. Тарых үчүн деле сактап калып, жаңы нерсени өнүктүрсөк болмок. Бул эми менин пикирим”.

"Кыргызстандан барган Дубчек чех тарыхында чоң роль ойногон"

Тынчтыкбек Чоротегиндин белгилешинче, кийин советтик системанын тоталитаритаризмге оошу менен андай кооперативдер кереги жок болуп, мамлекетке жутулуп кеткен. Муну ал “Сталиндин бийлиги кооперативди муунткан” деп сыпаттады.

Репрессия курмандыктарын изилдеген Амирбек Аззам уулу “Интергелпо” мүчөлөрүнүн арасында 1937-жылы репрессияга кабылып, атылып кеткендер да болгонун айтты:

“Чех булактары репрессия болгон 18 адамды такташкан, булар камалгандар. Мен билгенден "Интергелпонун" “Ата-Бейитте” жаткан бир мүчөсү бар. Совет бийлиги аларга 1935-жылга чейин тийген эмес. Келгиндер СССРдин жарандыгын алгандан кийин гана камакка алына баштаган".

Тынчтыкбек Чоротегин.
Тынчтыкбек Чоротегин.

Тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин “Интергелпо” менен Кыргызстанга келип, кийин мекенине кайткандар арасында Чехиянын тарыхын өзгөрткөндөр да болгонун да кошумчалады.

“Штефан Дубчек Америкада жашап, кийин Чехословакияга келген жыгач уста болгон. Бул жакка “Интергельпо” менен келип, эмерек жасоо комбинатын жетектеген. Алар жасаган эмеректер азыр да бар, сакталып калган. Орусияда жүргөндө анын эки баласы чарчап калат. Кыргызстанга эки баласы менен келген. 1938-жылы бул киши мекенине кайткан. Анткени СССРдин жарандыгын алгысы келген эмес. Анын баласы Александр Дубчек кийин Чехославакия компартиясынын лидерлеринин бири болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта Чехияны фашисттер басып алганда партизандык кыймылга катышкан. Кийин Чехославакия компартиясынын лидери катары “Адамгерчиликтүү социализмдин жүзү” деген кыймылды баштаган. Кыймылды ошол кездеги Кремлдин бийлиги "Варшава келишими" деген шылтоо менен Прагага танктарды киргизип баскан. 1968-жылы болгон бул окуяны биз “Прага жазы” деп билебиз. Дубчек СССР кыйраганда Чехия парламентинин төрагасы болгон. Ал тууралуу сөз болгондо мен Дубчек Кыргызстанда болгону үчүн либералдык саясатты баштаган деп тамашалап калам”.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Кыргызстан “Интергелпонун” салымын коммунисттердин мурасы катары жерүү ордуна, эл аралык саясатта карым-катнаш куралы катары колдонушу керек деп эсептейт.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

“Совет доорунда бул актуалдуу темалардын бири болгон. Европа менен СССРдин коммунисттеринин байланышы катары көңүл бурулчу. Кайра куруу, Эгемендик жылдарында бул тема коммунисттердин мурасы катары каралып, анча актуалдуу болбой калды. Калыстык менен карай турган болсок, Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүдө "Интергелпонун" салымы зор. Анын мүчөлөрү Чехия, Словакия, Венгриядан жылуу-жумшак жашоосун таштап келген энтузиасттар болгон. Алардын салымын, кыргыз мамлекетин түптөөдөгү ордун биле жүрүшүбүз керек. Азыр депутаттардын, чиновниктердин көбү “Интергелпо” тууралуу билбейт. Барган сайын унутуп баратышат. Биз бул тууралуу көбүрөөк айтып, керек болсо Чехия, Венгрия ж.б. Европа өлкөлөрү менен жакшы мамиленин үлгүсү катары колдонушубуз керек”.

“Интергелпонун” 100 жылдыгына арналган жыйында чех жана словак изилдөөчүлөрүнүн онлайн кайрылуусу көрсөтүлдү.

Словакиялык тарыхчы жана журналист Бранислав Красновский бир кылым мурда европалыктар Кыргызстанга жардам берсе, азыр Кыргызстандан барган жумушчулар бул өлкөлөрдөгү курулуш иштерине кол кабыш кылып жатканын белгиледи.

Бранислав Красновский жазган "Интергелпо" деген китеп жакында кыргыз тилинде жарык көрө турганы маалым болду.

Кыргызстанда "Интергелпонун" тарыхын Туратбек Сырдыбаев, Аида Кубатова, Рахат Юсубалиева ж.б. бир катар илимпоздор изилдеп келет.

Эгемендик жылдарында Кыргызстандагы завод-фабрикалар иштебей, айрымдары таланып-тонолуп кеткени белгилүү. Борбор калаада бул кооперативди эске салган Фучик паркы жана Интергелпо аттуу көчө бар.

“Интергелпо” өзү кыргыз-чех экономикалык алакасынын маанилүү көпүрөсү катары айтылып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG