Кыргызстандык журналисттер экстремизм жана эл аралык терроризм темасын туура чагылдырууну үйрөнүүдө.
«Ыйман» фонду, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюму менен Улуттук коопсуздук комитети уюштуруп жаткан бул иш-чаранын алкагында алгачкы тренингдер өткөн аптада Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болду. 20-апрелде Бишкекте башталат.
Негизги максат - салтуу исламдын негиздерин жана башкы принциптерин ачып берүү, экстремизм жана терроризмдин дин менен эч байланышы жок экенин түшүндүрүү. (RK)