Таэквондо боюнча кыргызстандык эки спортчу Марат Ниязов менен Акбар Айтахунов Филиппинде кечээ башталган Азиялык лицензиялык турнирге катышууда.
Бул оюнда жалпысы 16 лиценция ойнотулуп жатат. Турнир бүгүн жыйынтыкталат.
Кыргызстандын капчыгында Рио-де-Жанейродо өтүүчү 2016-жылкы Олимпиадалык оюндарга барууга 8 лицензия бар. Алардын ичинен үчөө жеңил атлетика боюнча, калган бешөө күрөштүн түрлөрү боюнча алынган. (AzK)