Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Жол кайгуул кызматынын башчысы үй камагына чыгарылды


Зумрад Жанабаева
Зумрад Жанабаева

Октябрь райондук соту Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын мурдагы башчысы Зумрад Жанабаеванын баш коргоо чарасын өзгөртүп, 17-апрелге чейин үй камагына чыгарды. Сот Улуттук госпиталда көчмө жыйында ишти караган, анда Жанабаева менен бирге камакка алынган аталган мекеменин кадр бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Түлеева да бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошова “Азаттыкка” билдирди.

Жанабаева Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен 24-мартта кармалган. Ал кол алдында иштеген кызматкерди мурдагы дата менен иштен бошоткон деп шектелүүдө.

Анын кол алдында иштеген кызматкер, милициянын старшинасы Н.К. 8-ноябрда мас абалында унаа айдап баратып, Жол кайгуул кызматынын унаасы менен кагылышкан. Старшина мас абалында болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG