Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Евробиримдик Беларуска каршы санкцияларды токтотот


Беларус президенти Александр Лукашенко
Беларус президенти Александр Лукашенко

Европа биримдиги 15-февралда Беларуска каршы төрт жыл мурун киргизилген санкциялардын мөөнөтү биротоло аяктарын жарыялады. Буга өлкөдө адам укуктарынын абалы жакшырганы негиз болгонун DPA агенттиги кабарлады.

Беларуста адам укуктарын сактоого кайдыгер деген тыянак менен 2012-жылы 170 адамга санкция киргизилген. Арасында президент Лукашенко жана үч юридикалык жак бар. Былтыр октябрда санкциялар төрт айга убактылуу алынган. Эми ал биротоло жокко чыгарылмакчы.

Бирок укук коргоочулар мамлекеттеги адам укуктарынын абалы дагы эле мактоого арзыбай турганын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG