Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

“Аскер курулушка” байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду


“Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасына карата бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгон фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын июнунда тендердин жыйынтыгы боюнча “Аскер курулуш” менен “Ояма” коому ортосунда 40 миллион 382 миң сомдон ашуун суммадагы курулуш материалдарын сатып алуу боюнча мыйзам шарттарын бузуу менен келишим түзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 7 миллион 690 миң сом өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени аныкталды. Бул боюнча аталган мекеменин айрым кызматкерлерине жана директору Куванычбек Колхожоевге, коргоо министрлигинин жетектөөчү кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө уланууда.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу Коргоо министрлигинде коррупциялык схема бар экенин аныктаган. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акча “Аскер курулуш” аркылуу жеке ишканаларга берилип, жеке кызыкчылык үчүн пайдаланылып кеткен. Буга байланыштуу мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиев, Абибилла Кудайбердиев жана “Аскер курулуш” ишканасынын башкы директору Куванычбек Колхожоевге кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG