Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

TI Кыргызстанды кайрадан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кошту


Бирок, быйылкы тизмеде Кыргызстан 13 орунга алдыга жылып, иликтөөгө алынган 168 өлкө ичинен 123- орунга жайгаштырылды. Былтыр 136-орунда болчу.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан Кыргызстан менен бир катарда. Тажикстан андан кийин 136, Өзбекстан 153, Түркмөнстан 156-орунга коюлган.

“Алардын (Борбор Азия өлкөлөрү) баары коррупцияны кабыл алуу индексин чагылдырган таблицанын эң төмөнкү катмарында. Бул Борбор Азия өлкөлөрүндө коррупция эндемикалык, терең тамырлашып кеткен жана системалык мүнөзгө ээ дегенди билдирет”, - деди "Транспаренси Интернэшнлдин" координатору Светлана Савитцкая “Эркин Европа/Азаттык”” радиосуна.

Ал ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлинде эч өзгөрүү жоктугун, коррупцияга каршы күрөш токтогон абалда турганын кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG