22-январда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 3...8,
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -22...-27, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 4…6.