2016-жылдын 13-январынан 14-январына чейин жаап өткөн жана алдыдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун 45-90- чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
14-январда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5…10 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 суук;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус жылуу болот.
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 5…10 градус.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11 градус жылуу.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0...5 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөндөйт.
14-январда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 7…9 градус жылуу болот. (КЕ)