Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кенинин кызматкерлери митингге чыкты


Кеминдеги Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кенинин кызматкерлери бүгүн эскертүү ирээтинде митингге чыкты. Буга ишкана жетекчилеринин мурда макулдашылган келишимден баш тартканы себеп болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин профсоюздар комитетинин жетекчиси Таалайбек Кудусов билдирди.

- Биринчи сүйлөшүү өткөргөндө ишкананын өкүлдөрү биздин айрым талаптарга макул болгон. Кийин кол койорго келгенде тескери сүйлөп, баш тартып калышты. Доллар курсунун өсүшүнө карап, айлык акыны көтөрүү, 13-айлыкты кошуп берүүнү талап кылганбыз.

Мекеменин жетекчилери митингдин катышуучулары менен сүйлөшүүгө чыккан жок. Кызматкерлер талаптары аткарылбаса, 21-январда мөөнөтсүз митингге чыгышарын белгилешүүдө.

Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кени былтыр жайында ишке кирген. Анда 1068 киши иштесе, анын 90 пайызын жергиликтүү жумушчулар түзөт. Аталган кенде 70 тоннадан ашык алтын, 60 тоннага чукул күмүш запасы бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG