Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Орусияда теле жаңылыктарга ишенгендер азайды


Медиа эксперттер орус телеканалдары акыркы жылдары Кремлдин пропагандалык куралына айланганын белгилеп келишет.
Медиа эксперттер орус телеканалдары акыркы жылдары Кремлдин пропагандалык куралына айланганын белгилеп келишет.

Москвадагы “Левада борбору” өткөргөн сурамжылоонун “Коммерсантъ” басылмасы 16-декабрда жарыялаган жыйынтыгына караганда, Орусияда теле жаңылыктарга ишенгендер саны акыркы бир жарым жылда 9%га азайып, азыр 41%ды түзүп калды.

Алты жыл мурда бул көрсөткүч дээрлик эки эсе жогору -79%дын тегерегинде болчу.

Бирок Орусияда дале болсо теле көрсөтүүлөр жаңылыктын негизги булагы бойдон калууда. Суралгандардын 85% “өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктар” тууралуу теле аркылуу билерин айтышкан.

Социологдордун тыянагына караганда, Орусияда телени бийликтин ишмердигин жактырбагандар, жогорку билимдүүлөр, интернет колдонуучулар аз көрүшөт. (UE)

XS
SM
MD
LG