Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Кундуз ооруканасына чабуулду калыс иликтөө талап кылынууда


"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасы 3-октябрдагы авиачабуулдан кийин.
"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасы 3-октябрдагы авиачабуулдан кийин.

"Чек арасыз дарыгерлер" деп аталган укук коргоочу жана гуманитардык уюм АКШ өкмөтүнө Ооганстандын Кундуз шаарындагы ооруканага жасалган чабуул боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү талабы камтылган кайрылуу тапшырды. Ага 547 миң адам кол койгон.

3-октябрда АКШ учактары Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында жайгашкан аталган уюмдун кароосундагы ооруканага жасаган соккудан 30 адам ажал тапкан. Анын он төртү дарыгерлер эле.

Өткөн айдын соңунда Ооганстандагы эл аралык жана америкалык күчтөрдүн жетекчилиги иликтөөнүн жыйынтыгында бул чабуул "жаңылыштык алып келген кайгылуу кокустук" деп бааланганын жарыялаган. Бирок мындай тыянакка " Чек арасыз дарыгерлер" уюму макул эместигин айтып, чабуулду америкалык аскерлердин "одоно шалаакылыгы" деп атаган.

Human Rights Watch укук коргоо уюму менен Европа парламенти да Кундуздагы бул окуя боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG