Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

ӨКМ: 8-декабрдагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар катталган жок


Кечээ, 8-декабрда Кыргызстандын аймагында катталган эки жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ош облусунун Алай районунда 8-декабрда саат 18:57де эпицентрде 3,8 балл болгон жер титирөө катталган. Очогу кыргыз-тажик чек арасындагы Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Сары-Дөбөдө 3,5 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 балл болуп сезилди.

Ал эми 21:07 чамасында ошол эле Алай районунда, кыргыз-кытай чек арасында эпицентрде 3,3 балл болгон жер титирөө катталды. Очогу Нура айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта болду.

Силкинүү Чий-Талаа, Көлдүк, Сопу-Коргон жана Нура айылдарында 3 балл болуп сезилди.(RK)

XS
SM
MD
LG